Саламаттык сактоо министри Измирдеги жер титирөөгө байланыштуу билдирүү жасады

Жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 28ге жетти.

1519290
Саламаттык сактоо министри Измирдеги жер титирөөгө байланыштуу билдирүү жасады

Измирдин Сеферихисар районунда болгон 6,6 баллдык жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 28ге жетти.

Апаат жана чукул кырдаалды башкаруу башкармалыгы (AFAD), кечээ Түркия убактысы боюнча саат 14:51де Эгей деңизинде, Измирдин Сеферихисар районунун 17 чакырым жээгинде күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталганын билдирди.

Жер титирөөнүн 16,54 чакырым тереңдикте болгондугу белгиленди.

Жер титирөөдөн кийин шаардын жалпысында көп сандаган имараттар да жабыркады.

Аймакта уранды астында калгандарды куткаруу иштери уланып жатат.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Измирдеги жер титирөөгө байланыштуу билдирүү жасап: «28 жараныбыз каза болду. Алардын 25и реанимацияда, 243 адам болсо дарыланууда. Дагы 4 операция ийгиликтүү болду»,- деди.

504 кишинин дарылануусунун аяктагандыгын белгилеген Кожа: «Биз Измирде 112 тез жардам тобу, Улуттук медициналык куткаруу тобу (UMKE), тез жардам жана ооруканалар менен нөөмөттөбүз»-деп айтты.

Издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүп жаткан 17 имараттын 9унда иштер аяктап, калган 8 имаратта уланууда.



Тектеш кабарлар