Шентоп Грециянын президентин айыптады

Шентоп: «Грециянын президенти Прокопис Павлопулостун Батыш Фракия түрктөрүн жокко чыгарган жикчилдик сөздөрүн катуу айыптаймын»

1362198
Шентоп Грециянын президентин айыптады

Түркия Улуу Улуттук Парламентинин Төрагасы Мустафа Шентоп, Грециянын президенти Прокопис Павлопулостун Батыш Фракия түрктөрүн жокко чыгарган жикчилдик сөздөрүн катуу айыптаганын билдирип, Батыш Фракия түрктөрүнүн бар экенин жана бар болуусун уланта турганын белгиледи.

Шентоп социалдык медиа баракчасы Твиттер аркылуу: «Грециянын президенти Прокопис Павлопулостун Батыш Фракия түрктөрүн жокко чыгарган жикчилдик сөздөрүн катуу айыптаймын. Батыш Фракия түрктөрү бар жана бар болуусун улантат. Тарыхыбыздын баа жеткис мурасы катары Түркия ар дайым Румелиде жашаган туугандарыбыздын жанында болот»,-деди.



Тектеш кабарлар