Шентоп Макронго каршылык көрсөттү

Шентоп Твиттер баракчасынан маалымат бөлүштү.

1362737
Шентоп Макронго каршылык көрсөттү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп, Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Исламий сепаратизм менен күрөшө тургандыгы жөнүндөгү сөздөрүнө каршылык көрсөттү.

Шентоп Твиттер баракчасынан: «Сахелде, Ливияда тынчтыкты бузган, Ислам дүйнөсүндө баш аламандыкты жараткан Франциянын президенти жана Ливиядагы төңкөрүшчүл Хафтердин колдоочусу болгон Макрондун Исламий сепаратизм менен күрөшө тургандыгы жөнүндөгү сөздөрү Исламга кастык болуп саналат. Франция алгач жикчил жана кыргын салган өтмүшүн карап чыксын»,-деди.

Шентоп бөлүшүүсүндө Франциянын президенти Макрондун төңкөрүшчүл генерал Хафтер менен кучакташып түшкөн сүрөтүнө да орун берди.



Тектеш кабарлар