Швецияда Гөбеклитепе түшүндүрүлдү

Гөбеклитепе өткөн жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген болчу.

1310821
Швецияда Гөбеклитепе түшүндүрүлдү

Швециянын баш калаасы Стокгольмдо Гөбеклитепе темалуу конференция өткөрүлдү.

Жер Ортолук деңиз музейинде уюштурулган конференцияга Түркиянын Стокгольмдогу элчиси Хаккы Эмре Юнт жана жубайы Фиген Юнт, элчинин милдетин аткаруучу Өзнур Өзкан менен көп сандаган швециялык катышты.

Стамбул университетинин адабият факультетинин археология бөлүмүнүн башчысы Нежми Карул бул жердеги сөз сүйлөөсүндө, Гөбеклитепе менен Карахантепедеги отурукташуу жана жашоо издери жөнүндө маалымат берди.

Гөбеклитепеге былтыр орто эсеп менен 400 миң туристтин келгенин эске салган Карул: «Гөбеклитепе өткөн жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргенден кийин ал аймакка туристтердин агымы көбөйдү. Булардын бардыгын жүргүзүү чоң иш эле. ЮНЕСКОго киргизилиши бизди абдан кубандырды. Ар ким колунан келген аракеттен ашыгын жасады»,-деди.



Тектеш кабарлар