Шырнакта бир аскер шейит болду

Шырнактын Силопи  элетинде болгон операцияда колдо жасалган жарылуучу заттын жарылышы менен бир аскер шейит болуп, бир аскер жараланды.

1167163
Шырнакта бир аскер шейит болду

Шырнактын Силопи  элетинде болгон операцияда колдо жасалган жарылуучу заттын жарылышы менен бир аскер шейит болуп, бир аскер жараланды.

Жизре тартипти түзүү командирлигине караштуу бөлүктөр Силопи районунда Жуди тоосунун элетинде ПКК жикчил террордук уюмдун мүчөсү террористтерге карата «Жандармериянын капитаны Юнус Челеби» операциясы жүргүзүлдү.

Операцияда аянтты иликтөө иштери учурунда ПКК жикчил террордук уюмдун мүчөсү террористтердин мурунтадан жайгаштырган жарылуучу зат жардырылды. Жарылууда 2 аскер жараланды.

Жаралуу аскерлер аймакка барган тик учар менен Шырнак мамлекеттик ооруканасына алып барылды. Аскерлердин бирөөсү бардык жардамдарга карабастан шейит болуп, бир аскер дарыланууда.

Аймакта операция улантылууда.



Тектеш кабарлар