Сербиядагы босниялыктар Түркиядан жардам сурады

Босния улуттук кеңеши президент Режеп Таййип Эрдоганга кат жөнөттү.

1392353
Сербиядагы босниялыктар Түркиядан жардам сурады

Сербияда босниялыктар жыш жашаган Санжак аймагында кызмат көрсөткөн Босния улуттук кеңеши, жаңы типтеги коронавирус менен күрөшүүдө Түркиядан жардам сурады.

Каза тапкандардын саны 51, вирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миң 908 деп катталган Сербияда Санжак аймагына да жайылган Ковид-19 менен күрөшүү үчүн убактылуу оорукана жана карантин аянттарынын түзүлүүсүнө байланыштуу Босния улуттук кеңеши президент Режеп Таййип Эрдоганга кат жөнөттү.

Катта Түркиянын медицина тармагында өтө өнүккөн өлкө экени баса белгиленип, Түркиядан эң кыска мөөнөттө медициналык жардам жана кызматкер сурагандары билдирилди.



Тектеш кабарлар