Сириянын Манбиж районунда коопсуздукту өткөрүп алууга Түркия даяр

Президент Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1129606
Сириянын Манбиж районунда коопсуздукту өткөрүп алууга Түркия даяр

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын Манбиж районунда коопсуздукту убакыт коротпостон өткөрүп алууга Түркиянын даяр экенин билдирди.

Президент Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Президенттик булактардан алынган маалыматка ылайык телефондогу сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштар менен катар Сирияда болуп жаткан акыркы абалдар каралды.

Сүйлөшүүдө өткөн аптада Манбижде болгон мыкаачылык террордук кол салууда каза болгон америкалык кызматкерлер үчүн көңүл айтуусун билдирген Эрдоган, бул кайгылуу окуянын АКШнын Сириядан чыгуу чечимне таасир тийгизүүгө карай чагымчылык экенин айтты.

Эрдоган, Сириянын Манбиж районунда коопсуздукту убакыт коротпостон өткөрүп алууга Түркинын даяр экенин, жикчил террордук уюм ПКК жана ПККнын Сириядагы уландысынын бул өлкөнүн түндүк-чыгышын баш аламан кылууга карай кыймылдарына уруксат бербей турганына басым жасады.

Эки лидер, ДЕАШ террордук уюмунун Сириядагы калдыктарын тазалоо жана кайрадан пайда болушунун алдын ала турган чараларды биргелешип көрүү темасында макулдашышты.

Президент Эрдоган жана президент Трамп, коопсуз аймак туурасында Түркия жана АКШнын башкы штаб төрагаларынын ортосунда башталган кабарлашуулардын ылдамдатылып уланытылышы жана эки тараптуу соода көлөмүнүн арттырылышы жагдайында бирдей көз карашка ээ болушту.


Этикеткалар: #Эрдоган , #Манбиж , #Трамп

Тектеш кабарлар