Сойлу бомбалуу кол салууга даярданган террористтер кармалганын билдирди

Бул боюнча Ички иштер министри Сүлейман Сойлу социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.

1866702
Сойлу бомбалуу кол салууга даярданган террористтер кармалганын билдирди

Жикчил террордук уюм ПККнын корбашчыларынын бири Мурат Карайландын көрсөтмөсү менен Иран аркылуу Түркияга келип, террордук кол салууга даярданган «Сейдо Ботан Гевер» каймана аттуу террорист Мехди Мыхчы жалган өздүк күбөлүк менен Стамбулда кармалды.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу социалдык тармактагы баракчасына бөлүшүүсүндө,«Мурат Карайыландын буйругу менен Иран аркылуу Түркияга өткөн, ПККнын атайын күчтөрү делген террордук уюмдун мүчөсү болгон, бомба машыгуусун берген жана ишке ашыруу жана кыймыл кылдыруу үчүн Стамбулга келген Сейдо Ботан Гевер каймана аттуу Мехди Мыхчы, ийгиликтүү операциянын натыйжасында жалган өздүк менен Стамбулда кармалды»,деген сөздөргө орун берди.

Министрликтин билдирүүсүндө Стамбул коопсуздук директорлугунун чалгындоо бөлүмүнүн операциясы менен Мыхчы менен бирге дагы 3 шектүүнүн кармалганы белгиленди.

Билдирүүдө Мыхчынын 2014-жылы жикчил террор уюму ПККга кошулганы аныкталганы белгиленди.

Сүлейман Сойлу Твиттердеги башка бир билдирүүсүндө, Сириянын Азез Маре аймагында жикчил террордук уюм ПКК/КЖК мүчөсү Абу Али каймана аттуу Хасан Нажжардын жанкечтилик кемсел жана көп сандагы ок-дары менен колго түшкөнүн жарыялады.



Тектеш кабарлар