Соңку бир айда 80 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги маалымат берди.
Өлкө ичинде жана чек аранын тышында жүргүзүлгөн операцияларда бир айда 85 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлиги өлкө ичинде жана тышында террорго каршы жүргүзүлгөн операция тууралуу маалымат берди.
Ал маалыматта өлкө ичинде жана өлкө тышында акыркы бир айда террорго каршы жүргүзүлгөн операцияларда 85 террорист жок кылынды, 52 бута, баш калкалоочу жай жана курал сактоочу амбар жарактан чыгарылды.
Маалыматта айрыкча Фетуллахчы террордук уюм (ФЕТӨ) менен күрөшүүнүн алкагында, "2016-жылдын 15-июлунан бери Түрк куралдуу күчтөрүнөн 19 миң 23 кызматкер чыгарылып, 5 миң 35 кызматкерге администациялык жана жекече жаза берүү процесси уланууда" деген маалыматка орун берилди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.