Столтенберг: "Түркия абдан маанилүү роль ойноодо"

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Мадриддеги саммиттин соңунда маалымат жыйын өткөрдү.

1850351
Столтенберг: "Түркия абдан маанилүү роль ойноодо"

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг: «Түркия Украинадан дан азыктарын чыгарууда абдан маанилүү роль ойноодо»,-деди.

Испаниянын кожоюндугунда Мадриддеги НАТО саммитинин соңунда маалымат жыйын өткөргөн НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг: «Биз Финляндия менен Швецияны НАТОго чакыруу чечимин ушул жерден кабыл алдык. Келээрки шейшембиде тышкы иштер министрлери менен расмий кол коюлат»,- деди.

НАТОнун Украинага колдоосунун күчтөнүп уланып жатканын белгилеген Столтенберг, Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүк процессине байланыштуу Орусиянын кадамдарына каршы ар кандай өзгөрүүгө даяр экендиктерин айтып: «Украинада көргөндөрүбүз Орусиянын бул согушка толугу менен көңүл бурганын көрсөтүп турат. Биз бул билдирүүнү эске алдык»,-деди.

«Орусия менен НАТОнун ортосунда кыйратуучу жана андан да жаман кесепеттерге алып келген согуш болушу мүмкүн экенин билебиз» деген НАТОнун баш катчысы, учурда Украинада гана болуп жатса да Европада Экинчи Дүйнөлүк Согуштан бери көрүнө элек кризис жана согуш жүрүп жатканын, ал мындан да күчөшү мүмкүн экенин айтты.

Столтенберг: «Биз акыркы 10 жылдын эң чоң глобалдык кризисине туш болуп жатабыз. НАТО катары чыр-чатактарды болтурбоого, тынчтыкка кепилдик берүүгө жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого аракет кылуудабыз. Максат – баш тарттыруу аркылуу согушту болтурбоо»,-деди.

Глобалдык деңгээлде азык-түлүк кризиси болуп жатканын, азык-түлүк бааларынын тарыхый рекорддорду жаңыртканын, Украинадагы дан азыктарынын деңиз жана кургактык аркылуу алынышы үчүн сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын белгилеген Столтенберг: «Түркия Украинадан дан азыктарын чыгарууда абдан маанилүү роль ойноодо»,-деп билдирди.

Столтенберг НАТОнун Ирактагы миссиясынын террордук уюм ДЕАШтын кайтып келишине бөгөт коюу экенин, НАТО катары Мавританияга биринчи жолу коопсуздук жардамын берүүнү чечкендерин, террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүк, тилектештик жана чалгындоо маалыматтарын бөлүшүүнүн негизинде ийгиликке жетишкендерин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар