Столтенберг:«Түркия болбогондо ДЕАШка каршы жетишилген ийгиликти камсыздообуз мүмкүн болмок эмес»

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг,Түркиянын НАТОнун түштүк канаты жана Европанын коопсуздугу үчүн чечүүчү шериктеш болгонун белгиледи.

1345064
Столтенберг:«Түркия болбогондо ДЕАШка каршы жетишилген ийгиликти камсыздообуз мүмкүн болмок эмес»

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг,Түркиянын НАТОнун түштүк канаты жана Европанын коопсуздугу үчүн чечүүчү шериктеш болгонун белгилеп өттү.

Европа Параментинин Тышкы байланыштар комитетинде сөз сүйлөгөн жана эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берген Столтенберг, Европанын өз коопсуздугу үчүн НАТО башчылыгынын астындагы шериктештик АКШ жана Түркиядан баш тартпай турганын баса белгиледи.

Түркиянын террор менен күрөшүүдө маанилүү шериктеш болгонун баса белгилеген Столтенберг, террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүүдө Түркиянын маанилүү салымдары болгонун белгилеп: «Түркия маанилүү шериктеш. Түркия бир эле убакта эң көп террордук кол салууга дуушар болгон шериктеш. ДЕАШка каршы күрөшүүдө маанилүү роль ойноодо. Ирак жана Сирия менен чек аралаш болгон Түркиянын камсыздаган базиси болбогондо ДЕАШка каршы жетишилген ийгиликти камсыздообуз мүмкүн болмок эмес»,-деп айтты.

Бир тараптан НАТОнун баш катчысы, сөзүндө Европадагы аскердик кызматташтык жана биргелешкен армия талаш-тартыштарына дагы токтолду.

Европанын коргонууга карата инвестициясын ыраазычылык менен кабыл алгандарын билдирген Столтенберг, мунун НАТОго альтернатива түзүү түшүнүгүн бербегенин белгиледи.

Йенс Столтенберг, Европа Биримдигине мүчө болбогон НАТО шериктештери менен аралыкты алыстатпоо керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар