Террор менен күрөш, 3 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги соцтармактан маалымат берди.
Ирактын түндүгүндө уланып жаткан "Чеңгел - Кулпу" операциясы жүргүзүлгөн аймакта ПКК жикчил террордук уюмдун 3 террористи түрк куралдуу күчтөрү тарабынан жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин соцтармактан берген билдирүүсүндө : "Кайда террорист болсо бута ошол жер. Түрк куралдуу күчтөрүбүз террор менен күрөшүн чечкиндүү түрдө улантууда. Ирактын түндүгүндө уланып жаткан "Чеңгел - Кулпу" операциясы жүргүзүлгөн аймакта ПККнын 3 террористи жок кылынды",- деп билдирилди.
Бир тараптан Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта "Эрен блокада - 29" операциясынын негизинде Хаккари облусунун жандармерия командирилиги тарабынан аныкталган 3 баш какалоочу жер жана үңкүрдүн ичинде ракета, жарылуучу зат, курал, ок - дары колго түшүрүлүп, жардырылгандыгы маалымдалды.