Террор менен күрөш уланууда

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсү.

1866475
Террор менен күрөш уланууда

Хаккаринин Чукуржа Казан өрөөнүндө "Эрен блокада-29" ички коопсуздук операциясынын алкагында бирөө кызгылт сары категориядагы 3 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта, Хаккари облустук жандармерия командирлиги тарабынан Чукуржа районунун Мешели кыштагынын Казан аймагында 10-августта башталган Эрен блокада-29 операциясынын ийгиликтүү уланып жатканы белгиленди.

Сириянын түндүгүндө да жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 6 террорист Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: "Сириянын түндүгүнөн Мардин чек ара тилкебизге ок аткан 6 ПКК/ЙПГ террористи Түрк куралдуу күчтөрүбүздүн жооп кайтаруу атуулары менен таасирсиз кылынды»,- деп кабарланды. 


Этикеткалар: #Мардин чек ара

Тектеш кабарлар