Террор менен күрөшүү тынымсыз улантылууда

Улуттук коргоо министрлиги жана Ички иштер министрлиги террор менен күрөшүүлөр тууралуу маалымат бөлүшүштү.

1272895
Террор менен күрөшүү тынымсыз улантылууда

Ирактын түндүгүндөгү Хафтанин аймагына жүргүзүлгөн абадан операцияда жикчил террордук уюм ПККга мүчө 3 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин маалыматына караганда, ийгиликтүү уланып жаткан «Чеңгел-3» операциясынын алкагында Хафтанин аймагына абадан операция жүргүзүлдү.

Операцияда, жикчил террордук уюм ПККга мүчө 3 террорист жок кылынды.

Чеңгел операциясы менен координациялуу түрдө Ирактын түндүгүндөгү Авашин аймагына абадан жүргүзүлгөн операцияда да 3 террорист жок кылынды.

Бир тараптан ички коопсуздук операцияларынын алкагында Хаккариде да эки террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Хаккаринин элет жеринде Облустук жандармения командирлиги жана Улуттук чалгындоо уюму тарабынан операциялар жүргүзүлдү. Операцияда эки террорист жок кылынды.

Аймакта операциялар уланып жатат.



Тектеш кабарлар