Террористтерге оор сокку урулууда

Террористтерге каршы операциялар жүргүзүлдү.

1272209
Террористтерге оор сокку урулууда

Ирактын түндүгүндөгү Хафтанин аймагына жүргүзүлгөн абадан операцияда жикчил террордук уюм ПККга мүчө 3 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин маалыматына караганда, ийгиликтүү уланып жаткан «Чеңгел-3» операциясынын алкагында Хафтанин аймагына абадан операция жүргүзүлдү.

Операцияда, жикчил террордук уюм ПККга мүчө 3 террорист жок кылынды.

Бир тараптан ички коопсуздук операцияларынын алкагында Хаккариде да эки террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Хаккаринин элет жеринде Облустук жандармения командирлиги жана Улуттук чалгындоо уюму тарабынан операциялар жүргүзүлдү. Операцияда эки террорист жок кылынды. Аймакта операциялар уланып жатат.



Тектеш кабарлар