Терроризмге каршы күрөштө Түркиянын технологиялык жетишкендиктери

Мустафа Шентоп, Антальяда өткөрүлгөн Түштүк-Чыгыш Европа Кызматташтык Процессинин Парламенттик Ассамблеясынын 8-сессиясына катышты.

1663323
Терроризмге каршы күрөштө Түркиянын технологиялык жетишкендиктери

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) Төрагасы Мустафа Шентоп, Түркиянын жетишкен технологиялык өнүгүүлөрү менен терроризмге каршы күрөшүн жакшы деңгээлге жеткиргенин айтты.

Антальяда өткөрүлгөн Түштүк-Чыгыш Европа Кызматташтык Процессинин Парламенттик Ассамблеясынын 8-сессиясына катышкан Мустафа Шентоп, буга чейин жекече кыймылдар түрүндө болуп келген террордук окуялардын дүйнөдө технологиянын өнүгүшү менен чоң көйгөйгө айланганын айтты.

Шентоп, кандайдыр бир жол менен эл аралык террордук уюмдарга технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү берген өлкөлөрдүн себебинен бул уюмдардын таасирдүү кыймыл кылып жаткандыгын белгилеп: «Маанилүү тема - террористтик уюмдарга ажырым кылынбашы. Терроризмдин тили, дини же улуту жок. Айрым Батыш өлкөлөрү өз кызыкчылыгына кызмат кылып ага зыян келтирбейт деп ойлогон террористтик уюмдарга каршы турбастан, кээде кыймылдарын көз жаздымда калтыргандарын жана алар менен кызматташып жаткандыгын көрүп жатабыз. Шериктештерибиздин ПККнын Сириядагы уландысы болгон ПЙД/ЙПГ террордук уюмдары менен кызматташканын көрдүк. Бул эки жүздүү, эки стандарттуу мамиле»,-деди.

Акыркы жылдарда терроризмге каршы күрөштө жетишилген ийгиликтерге токтолгон Шентоп: «Технологиялык өнүгүүлөр, өзгөчө Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттары жана куралдуу учкучсуз учактарына байланыштуу жетишкендиктери терроризмге каршы күрөшүбүздү жакшы деңгээлге жеткирди. Бүгүнкү күндө биз башка өлкөлөрдүн акылына жана колдоосуна муктаж болбостон өз технологиялык күчүбүз менен террордук уюмдардын баш көтөрүшүнө жол бербей элебиз», деп айтты.



Тектеш кабарлар