ТИКА Газа тилкесинде жардам таратты

50 000ге жакын адамга ысык тамак таратылды.

1663136
ТИКА Газа тилкесинде жардам таратты

Түрк Кызматташтыгы жана Координация агенттиги  ТИКА башкармалыгы 10 – 21 -  май күндөрү Израилдин Газа тилкесине карата кол салуусу учурунда баштаган жардамдарын улантууда.

ТИКАнын Газа кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта кол салууларда  үйлөрү кулап, мектептерде баш калкалоого мажбур болгон 50 000ге жакын адамга ысык тамактын таратылгандыгы белгиленип, андан тышкары 1600 үй -  бүлөгө атамак  - аш, 1600 үй -  бүлөгө да гигиеналык пакеттердин таратылгандыгы билдирилди.

Маалыматта кол салууларда жаракат алгандарга тез жардам берүүдө колдонуу үчүн дары  - дармек жана медициналык каражаттар менен бирге  майыптар үчүн коляска, жаткан бейтаптар үчүн жалаяк, балдак сыяктуу материалдардан турган жардамдардан 500дөн ашуун кишинин пайдалангандыгы белгиленди.

Мектептерде баш калкалагандарга таратылган жууркандардан кийин туугандарынын жанында баш калкалаган үй  -  бүлөлөргө да төшөнчү, жаздык, тамак  - аш, гигиеналык пакеттерден турган жардамдардын таратыла баштагандыгы маалымдалды. Бул жардамдар 1000ден ашуун үй  - бүлөгө берилди.

10 -  майда Израилдин блокада астындагы Газа тилкесине баштаган кол салуулары Хамас менен түзүлгөн ок атышпоонун негизинде 21 -  майда акырына чыккан.

Израилдин Газага карата кол салууларында 254 палестиналык каза болгон жана алардын ичинен 66сы балдар, 39зу аялдар.   1948  адам жаракат алып, миңдеген имарат толугу менен кулап жана жараксыз болгон..



Тектеш кабарлар