ТКК жана АКШнын куралдуу күчтөрү Манбижде үчүнчү ирет биргелешкен күзөт иштерин жүргүздү

ТКК жана АКШ армиясынан аскерлер үчүнчү биргелешкен күзөт иштерин, Манбиж фронт багыты менен Евфрат калканы кыймылы аймагындагы Жераблус районун бири-биринен ажыраткан Сажу дарыясынын айланасында жүргүзүүдө.

1088671
ТКК жана АКШнын куралдуу күчтөрү Манбижде үчүнчү ирет биргелешкен күзөт иштерин жүргүздү

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) жана АКШнын куралдуу күчтөрү Манбиж жол картасынын алкагында райондо үчүнчү ирет биргелешкен күзөт иштерин жүргүздү.

ТКК жана АКШ армиясынан аскерлер үчүнчү биргелешкен күзөт иштерин, Манбиж фронт багыты менен Евфрат калканы кыймылы аймагындагы Жераблус районун бири-биринен ажыраткан Сажу дарыясынын айланасында жүргүзүүдө.

Эки өлкөнүн аскерлери алгачкы биргелешкен күзөт иштерин 1-ноябрда, экинчисин болсо 8-ноябрда жүргүзгөн.

Түркия жана АКШ, 4-июнда жикчил террор уюму ЙПГ/ПККнын Сириянын түндүгүндө «Евфрат дарыясынын» батышында басып алган Манбижден чыгып кетиши үчүн макулдашуу камсыздалды.

Жол картасы, 4-июндан кийин алгач ирет 3 айдын ичинде биргелешкен күзөт иштери бүтүрүлүп, райондун борборундагылар менен кошо ЙПГ/ПКК мүчөлөрүнүн аймактан толугу менен чыгарылышын, андан кийин район борборундагы аскердик жана жарандык мажлистердин кайрадан түзүлүүсүн көздөйт.

АКШ тарабы, жол картасынын азырынча башталгыч баскычында техникалык керектөөлөрдү алдыга коюп узун кечигүүгө себеп болгон.

АКШ, 2-ноябрда террордук уюм ЙПГ/ПКК менен да Сириянын түндүк чыгышындагы чек араларын бойлой күзөт кыла баштаган.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШ-ЙПГ/ПККнын биргелешкен күзөтү тууралуу «буларды кабыл алышыбыз мүмкүн болбой турганы сыяктуу ушундай абал чек арада олуттуу терстиктерге себеп болууда»,сөзүн айтып каршылык көрсөттү.



Тектеш кабарлар