Трамп Эрдоган менен чогуу иш алып барууда

Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1362087
Трамп Эрдоган менен чогуу иш алып барууда

АКШнын президенти Дональд Трамп Сириянын Идлиб аймагы темасында президент Режеп Таййип Эрдоган менен чогуу иштешип жаткандарын билдирди.

Лос-Анжелеске аттанаар алдында журналисттердин суроолоруна жооп берген Трамп, «күчтүү жана катуу лидер» деп сыпаттаган Эрдоган менен жакшы мамиледе экендигин белгиледи.

Идлиб темасында АКШ менен Түркиянын жакындан иштешип жатканын айткан Трамп: «Эрдоган менен Идлиб маселесинде чогуу иш алып баруудабыз»,-деди.

Эки лидердин ортосунда аптанын аягында өткөрүлгөн телефондогу сүйлөшүүгө байланыштуу Ак үйдүн билдирүүсүндө: «Трамп Идлибдеги аракеттеринен улам Эрдоганга ырахмат айтты», делген эле.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШ менен капысынан ар түрдүү тилектештик болушу мүмкүн экенин айтты.

Эрдоган «Адилеттик жана өнүгүү» партиясынын фракция жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

АКШнын президенти Трамптын кечээки «Эрдоган менен чогуу иштешип жатабыз» деген билдирүүсүнө сереп салган президент: «АКШ менен капысынан ар түрдүү тилектештик болушу мүмкүн»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар