Түрк фундугу Кытайда таанытылды

Эдип Севинч берген маалыматында 5 – 10 – ноябрь күндөрү өткөрүлгөн жарманкеде 172 өлкөдөн 3 миң 600 фирманын катышкандыгын белгиледи.

1087953
Түрк фундугу Кытайда таанытылды

Түрк фундугу Кытайдын Шанхай шаарында өткөрүлгөн Кытай эл аралык импорт жарманкесинде таанытылды.

Кара деңиз фундук жана продукцияларын экспорттоочулар ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Эдип Севинч берген маалыматында 5 – 10 – ноябрь күндөрү өткөрүлгөн жарманкеде 172 өлкөдөн 3 миң 600 фирманын катышкандыгын белгиледи.

Жарманкеге 40 миңге жакын кишинин келгендигин айткан Севинч 2017 – жылы 7 миң 300 тонна жана 55 миллион долларлык экспорт менен фундуктун Түркиядан Кытайга жасалган тамак  - аш экспортунда биринчи орунду алгандыгын белгиледи.

Севинч бул абалдын фундук жана продукциялары сектору катары 2000 – жылдардын башынан баштап Кытайдан жүргүзүлгөн таанытуу иштеринин жыйынтыгы экендигин белгиледи.

Севинч түрк фундугунун керек болсо сапаты керек болсо даамы менен Кытайда белгилүү болгондугун баса белгиледи.

Эдип Севинч жарманкенин  түшүмдүү өткөндүгүн, өткөрүлгөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Кытайга жасалган экспорттун баскыч түрүндө артарына да көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар