Түрк илимпоздору коронавирус вакцинасы менен дарысы үчүн алгачкы баскычты ийгиликтүү аяктады

Анкара университетинин расмий социалдык медиа барагы Твиттерден берген жарыясында проф.д-р Айкут Өзкулдун эмгектери тууралуу маалымат берилди.

1392095
Түрк илимпоздору коронавирус вакцинасы менен дарысы үчүн алгачкы баскычты ийгиликтүү аяктады

Анкара университетинин биотехнология институтунун дирекетору, проф.д-р Айкут Өзкулдун жаңы типтеги коронавируска (Ковид-19) каршы суюктук, вакцина жана дары өндүрүүнүн биринчи баскычы болгон «SARS-COV-2 вирусунун изоляциясын» ийгиликтүү ишке ашырганы жарыяланды.

Анкара университетинин расмий социалдык медиа барагы Твиттерден берген жарыясында проф.д-р Айкут Өзкулдун эмгектери тууралуу маалымат берилди.

Маалыматта, «Университетибиз биотехнология институтунун директору проф.д-р Айкут Өзкул, коронавируска каршы суюктук, вакцина жана дары өндүрүүнүн биринчи баскычы болгон «SARS-COV-2 вирусунун изоляциясын» ийгиликтүү ишке ашырды»,делди.

Анкара университетинин ректору проф.д-р Эркан Ибиш да Твиттер барагынан, «Жолдошторумду куттуктаймын, мунун уландысы болот деп ишенемин, дагы жаңы нерселер болот»,деген серебин салды.

Анкара университетиндеги эмгектердин Биотехнология институту менен Ветеринария факультетинин вирология лабораториясында жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.

 



Тектеш кабарлар