Түрк Кызылайы Ливанга гуманитардык жардам тобун жиберет

4 кишилик топ тез жардам каражаттары менен аймак калкына жардам берет.

1467635
Түрк Кызылайы Ливанга гуманитардык жардам тобун жиберет

Түрк Кызылайы Ливанда Бейрут портунда болгон, 100 кишинин каза болушуна, 4 000ден ашуун кишинин  жараланышына себеп болгон жарылуудан кийин аймакка жардам тобун жиберүүдө.

Түрк Кызылайынан берилген маалыматка караганда бүгүн жолго чыга турган тез жардам дарыгери да болгон 4 кишилик топ тез жардам каражаттары менен аймак калкына жардам берет.

Муктаждыктарга карата даярданган Түрк Кызылайы аймакка жеткире турган топ Ливан Кызыл Крести менен  биргеликте кыймыл кылат.

Түрк Кызылайынын башкы директору доктор Керем Кынык берген маалыматында Түркиянын жана Түрк Кызылайынын муктаж кишилерге жардам берүү үчүн дайыма даяр экендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар