Түрк жана орус делегациясы Москвада жолугушуу өткөрдү

Түрк жана Орус делегациясынын Орусиянын борбор шаары Москвада өткөргөн жолугушуулары соңуна чыкты.

1362001
Түрк жана орус делегациясы Москвада жолугушуу өткөрдү

 

Түрк жана Орус делегациясынын Сириянын Идлиб аймагындагы абалды сүйлөшүш үчүн Орусиянын борбор шаары Москвада өткөргөн жолугушуулары соңуна чыкты.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин имаратында жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00дө басма сөзгө жабык өткөн жолугушуулар орто эсеп менен 2 саатка созулду.

Түрк делегациясына тышкы иштер министринин орун басары, элчи Седат Өнал, орус делегациясына болсо Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары, элчи Сергей Вершинин жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентев жетекчилик кылды.

Дипломаттар, аскердик жооптуулар жана чалгындоо уюмунун кызматкерлери катышкан жыйналыштан кийин Түрк делегациясы Москвадан чыгып кетти.

Жолугушуулардан кийин кандайдыр бир расмий маалымат берилген жок.

Түрк жана орус бириккен делегациялары кечээ Идлиб темасында Москвада жолугушууларды өткөрдү.

Түрк делегациясы аянтта чыңалуунун ылдам түрдө азайтылышы жана адамзат абалынын дагы көп начарлоосуна бөгөт болуу керектигин баса белгиледи.

Жолугушууда Сириянын Идлиб аймагындагы акыркы абал каралды.

Жолугушууда Идлибде Сочи меморандумунун толук түрдө ишке ашырылышы жана эреже бузуулардын алдын алуу максатында таштала турган чара көрүүлөр сүйлөшүлдү.

 

 



Тектеш кабарлар