Түркия Буркина-Фасого көңүл айтты

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

1345457
Түркия Буркина-Фасого көңүл айтты

Түркия Буркина-Фасодогу кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан Буркина-Фасодогу террордук кол салуу катуу айыпталып, бул өлкөнүн элине жана өкмөтүнө көңүл айтылды.

Министрлик бул өлкөнүн түндүк аймагында болгон кол салууга байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

Санматенга аймагындагы бир айылдын базарына болгон террордук кол салууда көп сандаган кишинин каза табышы жана жаракат алышы терең кайгыга салганы белгиленген билдирүүдө: «Бул террордук кол салууну катуу айыптайбыз»,-делди.

Каза тапкандардын үй-бүлө жана жакындарына көңүл айтылган билдирүүдө, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетиши кааланды.

Санматенга аймагында кечээ эки айылга белгисиз куралчан кишилер кол салып, анын кесепетинен 36 адам көз жумган эле.



Тектеш кабарлар