Түркия чек арага кошумча күч жөнөттү
Десанттарды ташыган зооттолгон унаалар чек араны көздөй бет алды.
1345580
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сирия чек арасындагы аскердик бөлүктөргө зооттолгон унаалар менен кошумча күч жөнөтүлдү.
Түркиянын ар кайсы бөлүктөрүнөн жөнөтүлгөн десанттарды ташыган зооттолгон унаалардан турган конвой Килиске жетти.
Коопсуздук чаралары астында шаардын борборунан өтүп «Өнжүпынар» чек ара бекетине барган конвой андан соң чек араны көздөй бет алды.
Десанттар менен унаалардын Сирия чек арасында жайгашкан аскердик бөлүктөргө кошумча күч катары жөнөтүлгөндүгү кабарланды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.