Түркия Чилинин 1915-жылдагы окуяларды «геноцид» деп тааныган чечимине каршы чыкты
Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө парламенттердин тарыхты чечмелөө жана соттоо ыйгарым укуктары жок экени белгиленди.
2132230
Түркия Чилинин Өкүлдөр палатасынын 1915-жылдагы окуяларды «геноцид» деп тааныган чечиминин күчү жокко эсе экендигин билдирди.
Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө парламенттердин тарыхты чечмелөө жана соттоо ыйгарым укуктары жок экени белгиленди.
Билдирүүдө : «Чилинин Өкүлдөр палатасы тарабынан кечээ кабыл алынган 1915-жылдагы окуяларды «геноцид» деп тааныган чечимдин күчү жокко эсе»,-деп айтылды.
Бул чечимдин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) геноцид кылмышынын алдын алуу жана жазалоо боюнча 1948-жылкы Конвенциясына да карама-каршы келгени, геноцид кылмышы тууралуу компетенттүү сот гана чечим чыгара турганы белгиленди.