Түркия даярдык көрүп жатканын Орусияга билдирди

АК партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик маалымат берди.

1361889
Түркия даярдык көрүп жатканын Орусияга билдирди

«Адилеттик жана өнүгүү» (АК партия) партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик, Сирияда Башар Асад режими мурунку чек араларына чегинбесе Түрк куралдуу күчтөрүнүн буга чара көрүү үчүн керектүү даярдыкты жүргүзгөнүн Орусияга билдиргендерин айтты.

Президент жана АК партиянын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган партиясынын айрым эл өкүлдөрү менен жолукту.

АК партиянын Башкы борборундагы жабык эшик артында өткөн жыйын 3 саатка созулду. Жыйындан кийин АК партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик маалымат берди.

Түрк делегациясынын Орусиянын борбор шаары Москвада Сирия темасындагы жолугушууларына токтолгон Челик: «Эки күн удаама-удаа ушул сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Түркиянын тезистери билдирилди. Режим мурунку чек араларына чегинбесе буга чара көрүү үчүн керектүү аскердик даярдыкты жүргүзүп жатканыбыз ачык жана так түрдө орус тарапка айтылды. Гуманитардык апааттын алдын алуу үчүн милдеттүү мамиле. Бул дагы билдирилди. Делегация кеңири маалымат берет»,-деди.

 



Тектеш кабарлар