Түркия Грециянын премьер - министринин катына жооп кайтарды

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой Кирякос Мичотакистин жазган катын "адеп - ахлаксыздык түшүнүгүнүн натыйжасы" деп мүнөздөдү.

1391058
Түркия Грециянын премьер  - министринин катына жооп кайтарды

Түркиядан Грециянын премьер - министри Кирякос Мичотакистин Түркия тууралуу Германия менен Францияга жазган катына жооп...

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой Грециянын премьер  - министри Мичотакистин Франциянын президенти Макрон менен Германиянын канцлери Ангела Меркелге Түркия тууралуу жазган катта качкындардын санына байланыштуу материалдык жардам берүүнү сунуш кылышын «адеп  - ахлаксыздык түшүнүгүнүн натыйжасы» деп мүнөздөдү. Катчы Аксой Грециянын премьер  - министри Мичотакистин Түркия тууралуу Макрон менен Меркелге жазган каты тууралуу берилген суроолорго жазуу түрүндө жооп берди.

Мичотакистин катында Түркияга материалдык жардамдын Европага карата качкын агымынын азайышына байланыштуу берилишин сунуш кылгандыгын эске салган Аксой : «Грециянын эшигинин астына барган качкындарга бүткүл дүйнөнүн көз алдында адамзаттык тышы кылган мамилеси эстен кетпестен, бул өлкөнүн эми качкындардын санына карата материалдык жардам сунуш кылышы адеп  - ахлаксыздык түшүнүгүнүн натыйжасы. Түркия адамзаттык себептер менен конок кылган 4 миллион качкын үчүн ушул күнгө чейин 40 миллиард доллар сарптады»,- деди.

Аксой Европа Биримдигинин болсо сириялыктар үчүн Түркияга берген 6 миллиард евролук убадасынын ушул күнгө чейин 2, 7 миллиардын гана жибергендигин баса белгилеп, Европа Биримдигинин Грецияга өлкөсүндөгү 100 000 качкын үчүн 3 миллиард еврого жакын жардам бергендигин айтты.

Катчы Аксой : «Биздин сунушубуз туруктуу : өлкөбүздөгү качкындарды Греция өз өлкөсүнө ала алат. Европа Биримдиги да качкындар үчүн бере турган материалдык жардамды Грецияга берсин. Биз да коңшулук принцибинин негизинде Грецияга материалдык жардам беребиз»,- деди.

Мичотакистин Макрон жана Меркелге Түркия тууралуу жазган каты

Грециянын премьер  - министри Мичотакис Макрон менен Меркелге кат жиберип, Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосунда жаңы бир качкындар келишимине кол коюлушун, ушунун негизинде Түркияга бериле турган жардамдын Европага качкын агымынын азайып же көбөйүшүнө байланыштуу болушун сунуш кылган.

Катында Түркиянын качкын агымдарын толугу менен көзөмөлдөө күчүнө ээ экендигин айткан Мичотакис Анкаранын качкындарды Европа Биримдигине каршы кысым каражаты катары колдонгондугун ортого салган.

 

 



Тектеш кабарлар