Түркия - Иран иш форуму

Тышкы экономикалык карым  - катнаштар кеңеши ДЕИК жана Дүйнөлүк түрк иш кеңеши ДТИКтин төрагасы Наил Олпак Иран менен сооданы арттырууну каалашкандарын айтты.

1271969
Түркия  - Иран иш форуму

Тышкы экономикалык карым  - катнаштар кеңеши ДЕИК жана Дүйнөлүк түрк иш кеңеши ДТИКтин төрагасы Наил Олпак Иран менен сооданы арттырууну каалашкандарын айтты.

Олпак борбор шаар Анкарада Түркия  - Иран иш форумунда сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын Иран менен соода көлөмүнүн ылайыктуу деңгээлде бирок жетерлик эмес экендигин белгиледи.

Олпак Иранга дагы көп инвестиция жана соода үчүн алдыларына чыккан тоскоолдуктарды бир гана иш дүйнөсүнүн ниет жана аракети менен ашыла албай тургандыгын айтты. Олпак Иран тарабынан кээ бир күтүүлөрүнүн бар экендигин белгилеп : «Ирандын 1800 продукцияны импорттоосуна тыюу салынышы жана бул продукциялардан 68нин Тандалган соода келишиминин негизинде болушу бизди капалантты жана соода максатыбызга тескери таасирин тийгизди.   Иранда инвестициясы болгон фирмаларыбыз ал жердеги фабрикаларында өндүрүш үчүн импорттогон  чийки заттарга да валюта бөлө албашынын айынан бажылардан ала албай жатат жана өндүрүштө кыйналып жатат. Бул жерде ирандык мекемелерден керектүү колдоонун жана жеңилдиктин берилишин күтүүдөбүз»,- деди.

Олпак Түркиядан Иранга дары жана косметика экспортундагы импортту тастыктоо документи маселеси менен Иран бажысындагы маселелердин чечилишин күтүшкөндөрүн сөздөрүнө кошту.

Ирандын президенттик офисинин төрагасы Махмуд Ваизи да кээ бир түрк министрлери жана ишкерлердин Америка санкциялары тууралуу шектенүүлөрүнүн бар экендигин баса белгилеп : «Биз эч качан эч бир түрк ишкеринин кыйынчылык тартышын жана кысым астында болушун каалабайбыз. Бул орток комиссияда биз үчүн маанилүү болгон, эки өлкөнүн ортосундагы соода карым  - катнаштарынын азайышын алдына алат»,- деди.

Иш форумунда Түркия менен Ирандын саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда кызматташуу кыймыл планына да  кол коюлду.



Тектеш кабарлар