Түркия ЮНЕСКОнун милдеттенмелерин аткарууда

Аясофия мечит катары кайрадан ибадатка ачылды.

1453174
Түркия ЮНЕСКОнун милдеттенмелерин аткарууда

Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран, Аясофиянын мечит катары кайрадан ибадатка ачылышына байланыштуу: «Түркия, Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) милдеттенмелерин аткарууда»,-деди.

Явуз Селим Кыран Твиттердеги билдирүүсүндө, 1972-жылкы Дүйнөлүк Мурастар келишимине шилтеме кылып, ЮНЕСКОнун Аясофияга койгон милдеттенмелеринин Түркиянын аткаргандыгын айтты.

Кыран билдирүүсүнө келишимдеги сөздөргө байланыштуу англис жана түрк тилдеринде эки сүрөт кошту.

«Дүйнөлүк мурастар келишиминде бир мурастын функцияларынын өзгөрүлүшүнө тоскоол болгон эч кандай жагдай жок» деген сөздөргө орун берилген сүрөттөрдө, келишимде маданий мурасы бар өлкөлөргө коргоо жана көргөзүү боюнча милдеттенмелерди берүү менен өлкөнүн мүлктүк жана эгемендик укуктары бузулбагандыгы белгиленди.

Сүрөттө ошондой эле, «Келишим мамлекеттин өз өлкөсүндөгү маданий мүлккө карата эгемендигин чектебейт. Аясофиянын функциясын өзгөртүү Дүйнөлүк Мурастар келишиминин бузулушун билдирбейт» деген сөздөр орун алды.



Тектеш кабарлар