Түркия Крым татар түрктөрүнө мөөнөтсүз калуу уруксатын берди

Бул алкакта Миграция башкармалыгы Крым татар түрктөрүнө бериле турган жаңы статуска байланыштуу изилдөөлөрдү аяктады.

1866590
Түркия Крым татар түрктөрүнө мөөнөтсүз калуу уруксатын берди

Түркия ахыска, уйгур, Болгария жана Греция түрктөрү кирген «Түрк тектүү» статусуна кошулган Крым татар түрктөрүнө Түркияда узак мөөнөттүү жашоого уруксат бере баштады.

Ички иштер министрлигинин Миграция башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, чечимге ылайык, Түркияда 8 жыл үзгүлтүксүз жашоо шарты түрк эмес жарандын узак мөөнөткө жашоого уруксат алуусу үчүн талап кылынат. Миграция саясаты боюнча кеңештин 2017-жылдын 15-февралындагы токтомуна ылайык, Болгария, Греция, Ахыска жана Уйгур түрктөрү бирдей саясатка ээ болушат жана узак мөөнөттүү жашоого уруксаттар эч кандай талапсыз бериле алат.

Бул алкакта Миграция башкармалыгы Крым татар түрктөрүнө бериле турган жаңы статуска байланыштуу изилдөөлөрдү аяктады. Ахыска, уйгур, Болгария жана Греция түрктөрүнүн «Түрк тектүү» статусуна Крым татарлары да киргизилген.

Ошентип, Крым татар түрктөрүнө Түркияда 8 жыл үзгүлтүксүз жашоо шарты жок «мөөнөтсүз калуу укугун» берген узак мөөнөттүү жашоого уруксат берүү практикасы ушул айда ишке кирди.

Түркияга келген Крым татар түрктөрүнүн керектүү шарттарга жооп бериши жана ылайыктуу деп табылышы шартында узак мөөнөттүү жашоого уруксат ала алышат.

Бул укуктан пайдалангысы келгендер «e-ikamet.goc.gov.tr» дарегине жазылып, керектүү документтер менен облустук миграция башкармалыктарына кайрыла алышат.

Президенттиктин маалыматына караганда Түркияда жашоого уруксаты менен жүргөн чет элдиктердин 5 пайызынын гана узак мөөнөттүү жашоого уруксаты бар, ал эми түрк тектүүлөрдүн 75 пайызынын узак мөөнөттүү жашоого уруксаты бар.

Бүгүнкү күнгө чейин 57 миң 56 болгар, грек, уйгур жана ахыска түрктөрүнө узак мөөнөттүү жашоого уруксат берилди.

Ошол эле учурда Түркия Украина менен Орусиянын ортосундагы согуштун курмандыгы болгон түрк тектүү 4296 кишиге жардам колун сунду. Бул алкакта 409у Крым татарлары жана 2 миң 395и Ахыска түрктөрү болгон 2 миң 804 киши 5 облустагы борборлордо коноктолууда. Борборлордо согуштан жапа чеккен балдарга ден соолук, психолог, иш-чаралар жана билим берүү сыяктуу кызматтар көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар