Түркия Либерияга көңүл айтты

Либерияда кечээ мектеп-интернатында өрт чыгып, кырсыктын кесепетинин көп сандаган окуучунун көз жумгандыгы билдирилген болчу.

1272327
Түркия Либерияга көңүл айтты

Түркия Батыш Африка өлкөсү Либерияда кечээ мектеп-интернатында чыккан өрттөн каза тапкандар үчүн өлкөгө көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Либериянын Пайнесвилле шаарында мусулман окуучулар билим алган мектеп-интернатында чыккан өрттөн көп сандаган окуучунун каза болушу катуу капага салды. Өрттөн көз жумгандардын жаткан жерлери жайлуу болушун тилеп, жакындары менен катар Либерия элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз, жаракат алгандардын тезирээк сайып кетишин каалайбыз»,-деген сөздөргө орун берилди.

Либериянын баш калаасы Монровияга жакын Пайнесвилле аймагында Курани-Карим үйрөтүлгөн мектеп-интернатында чыккан өрттөн кеминде 30 кишинин көз жумгандыгы маалымдалган эле.



Тектеш кабарлар