Түркия Ооганстандагы кол салууну айтыптады

Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндөгү маалыматын жарыялады.

1271224
Түркия Ооганстандагы кол салууну айтыптады

Түркия, Ооганстандын Чарикар шаарында көп сандаган киши каза болгон жана жаракат алган бомбалуу кол салууну айыптап, Ооган өкмөтү жана калкына көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында, Ооганстандын Чарикар шаарында президент Ашраф Ганинин шайлоо митингине бомбалуу кол салуу болуп, көп сандаган кишинин каза болушун жана жаракат алышын капа болуу менен уккандыгы билдирилди.

Анда, «Ооганстандагы демократиялык процессти бутага алган аты аталган террордук кол салууну айыптайбыз. Кол салууда каза болгондордун жаткан жерлери жайлуу болсун. Президент Гани баш болгон дос Ооганстан өкмөтүнө жана тууган ооган калкына кайрат айтабыз, жаралуулардын тез сакайып кетишин тилейбиз. Президенттик шайлоо процессинин тынчтык жана коопсуздук чөйрөсүндө ишке ашырылышын каалайбыз»,-деп айткан сөздөрүнө орун берилди.

Ооганстандын президенти Ганинин бүгүн катышкан шайлоо митингине жан кечтилик кол салуу болуп 24 киши каза тапты, 31 киши жаракат алды.



Тектеш кабарлар