Түркия Сомалиде болгон террордук кол салууну айыптады

Сомалиде болгон кол салууда 8 киши каза болгон.

1426203
Түркия Сомалиде болгон террордук кол салууну айыптады

Түркия Сомалиде 8 киши каза болгон террордук кол салууну айыптап : «Боордош Сомали калкына жана өкмөтүнө көңүл айтабыз»,- деп билдирди.

Тышкы иштер министрлиги Сомалиде бир саламаттык сактоо мекемесине жасалган жана 8 кишинин каза болушуна жол ачкан террордук кол салууну айыптады.

Министрликтен берилген маалыматта өлкөнүн Хиршабел аймагындагы Гололей айылындагы бир саламаттык сактоо мекемесине ким экени белгисиз куралдуу топ тарабынан кол салуу жасалып, бул жерде иштеген 8 жардам кызматкеринин качырылганы жана аёсуз түрдө өлтүрүлгөнү б

илдирилгени белгиленди.



Тектеш кабарлар