Түркия Суданга гуманитардык жардам жөнөттү

Түрк аба күчтөрүнө таандык эки учак жардамдарды Суданга алып кетти.

1271897
Түркия Суданга гуманитардык жардам жөнөттү

Түрк жарандык коомдук уюмдары, апааттан таасирленген Суданга чатыр, жууркан-төшөк, гигиеналык комплект, азык-түлүк жана дары-дармектен турган гуманитардык жардам жөнөтүштү.

Жардамдарды ташыган Түрк аба күчтөрүнө таандык эки жүк ташуучу учак баш калаа Анкарадагы Этимесгут аскердик аэропорттон учуп кетти.

Түрк Кызылайынын башкы директору Алтан бул жердеги сөз сүйлөөсүндө, июль айында башталган жана августта күчөгөн жамгырлар себеп болгон селдин айынан Суданда орто эсеп менен 350 миң кишинин жардамга муктаж экенин белгиледи.

Түрк уюмдары катары аймакка барып иликтөөлөрдү жүргүзгөндөрүн, анын натыйжасында аймакка чукул жардам жөнөтүүгө чечим чыгаргандарын айткан Алтан: «Президенттик аппаратыбыз камсыздаган Аба күчтөрүнө таандык эки аскердик учак менен бүгүн чатыр, жууркан-төшөк, гигиеналык комплект, азык-түлүк жана дары-дармектен турган гуманитардык жардам жеткирилет. Жалпы 18 жарандык коомдук уюм бул акцияга катышууда. Акцияны өлкөнүн ичинде да улантышат. Алар Судан элинин баардык муктаждыктарын толуктоо үчүн аракет кылышат»,-деди.



Тектеш кабарлар