Түркияда Covid-19

Акыркы 24 саатта вирустан 134 киши көз жумду.

1571655
Түркияда Covid-19

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 134 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 25 миң 344 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 180 миң 303 тест жасалып, 681 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 7 миң 103 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 8 миң 108 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 2 миллион 322 миң 511ге жогорулады.



Тектеш кабарлар