Түркияда коронавирус дагы 76 кишинин өмүрүн алды

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа маалымат берди.

1391281
Түркияда коронавирус дагы 76 кишинин өмүрүн алды

Түркияда жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19)  себебинен каза болгондордун саны 501ге жогорулады.  

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, акыркы 24 саатта 76 кишинин каза тапканын, каза болгондордун жалпы санынын 501ге жогорулаганын маалымдады.

Маалыматка караганда акыркы 24 саатта жалпы 19664 кишиге тест жасалып, анын ичинен 3013 кишиде вирус аныкталды.

Ал эми айыгып чыккандардын жалпы саны 786га жетти.



Тектеш кабарлар