Түркияда коронавируска каршы жаңы чаралар көрүлөт

Президент Эрдоган жаңы чечимдерди жарыялады.

1390938
Түркияда коронавируска каршы жаңы чаралар көрүлөт

Президент Режеп Таййип Эрдоган жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) менен күрөшүүнүн алкагында жаңы чаралардын көрүлө турганын жарыялады.
Пандемия тууралуу түзүлгөн Илимий Кеңештин сунуштары боюнча тийиштүү мекемелердеги баа берүүлөрдөн кийин чечимдер чыгарылганын айткан Эрдоган, бүгүн түн ортосунан тарта жаңы чара көрүүлөр ишке ашырыла турганын билдирди.
Буга караганда 20 жашка чейинкилердин көчөгө чыгуусуна тыюу салынып, 31  шаарга кирип чыгууларга 15  күндүк мөөнөткө тыюу салынды. Көчөгө чыгуусу шарт болгондордун жана коомчулуктун арасына кире тургандардын бет кап тагуу мажбурдуулугу киргизилди.
Эскертүүлөргө баш ийбей өзүм билемдик кылгандарга администрациялык жана жеке жазалардын тайсалдоосуз түрдө ишке ашырыла турганын белгилеген Президент: "Максатыбыз атуулдарыбызга кыйынчылык жаратуу эмес, өздөрүнүн дагы жана алар менен түздөн-түз  байланышта болгондордун ден-соолугунун коопсуздугун камсыздоо",-деп айтты.
"Эрежелерге канчалык баш ийсек пандемиянын жайылуусун ошончолук көзөмөлгө алып, коркунучту жое алабыз",-де айткан Президент сөздөрүн:"Өлкөбүздө турмушту качан нормалдуу  абалга айландыра турганыбыз 83 милллион катары биздин колубузда",-деп бүтүрдү.



Тектеш кабарлар