Түркияда Ковид-19га карата бир суткада 53 миң 842 тест жасалды
Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 15 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 219 миң 506га жогорулады.
1467718
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 19 киши көз жумду. Эпидемия башталган март айынан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 5 миң 784 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 53 миң 842 тест жасалып, 1 миң 178 кишиде вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 15 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 219 миң 506га жогорулады.