Түркияда жарандарга акысыз беткап таратылат

Президент Эрдогандын буйругу менен 20-65 жаш курактарынын арасындагы жарандарга беткап таркатыла тургандыгы билдирилди.

1392019
Түркияда жарандарга акысыз беткап таратылат

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, президент Режеп Таййип Эрдогандын буйругу менен 20-65 жаш курактарынын арасындагы жарандарга беткап таркатыла тургандыгын билдирди.

Коммуникация башчысы Фахреттин Алтун социалдык медиа баракчасы Твиттерден жарыялаган билдирүүсүндө, президент Эрдогандын буйругуна ылайык Саламаттык сактоо министрлиги менен Транспорт жана инфраструктура министрлигинин координациясында https://maske.epttavm.com дарегиндеги бланканы толтурган, 20 жаштан 65 жашка чейинки ар бир жарандын үйүнө жумасына 5 беткаптын тапшырыла тургандыгын жарыялады.

Беткаптар акысыз түрдө жарандарга жеткирилет.

Үй-бүлө мүчөлөрү үчүн беткап алууну каалаган жарандар, бланкага ушул маалыматтарды да толтурушат.



Тектеш кабарлар