Түркиядагы, анын ичинен Стамбулдагы абал тууралуу...

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, видео конференция аркылуу жыйналыш өткөрдү.

1392105
Түркиядагы, анын ичинен Стамбулдагы абал тууралуу...

Түркияда жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19)  себебинен каза болгондордун саны 574кө жогорулады.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда акыркы 24 саатта дагы 73 киши каза тапты, каза болгондордун жалпы саны 574кө жогорулады.

Маалыматка караганда акыркы 24 саатта жалпы 20 миң 65 кишиге тест жасалып, анын ичинен 3 миң 135 кишиде вирус аныкталды.

Ал эми кечээ айыгып чыккан 256 киши менен бирге жалпы айыгып чыккандардын саны 1042гe жетти.

Буга кошумча саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, коронавирус ковид-19ду жуктуруп алгандар эң көп кездешкен Стамбулдагы акыркы абал үчүн Облустук саламаттык сактоо директорлугунун жооптуу кызматкерлери жана ооруканалардын башкы доктурлары менен видео конференция аркылуу жыйналыш өткөрдү.

Андагы сүйлөшүүдө бейтаптын абалы, реанимация, тейлөөлөрдүн толтуралык катышы жана муктаждыктар каралды.



Тектеш кабарлар