Түркиядан Ливанга жардам билдирүүсү

Түркия Ливанга жардам көрсөтүүдө.

1467671
Түркиядан Ливанга жардам билдирүүсү

Түркия Ливан калкынын шашылыш муктаждыктарын камсыздоо үчүн иш-аракеттерди баштады.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Ливандагы кечээки жарылуудан кийин Түркиянын Ливан элинин шашылыш муктаждыктарын камсыздоо үчүн аракет кылып жаткандыгын маалымдады.

Аксой, Бейрут портундагы жарылуудан кийин Түркиянын Ливанга көрсөтө турган жардамдарына байланыштуу суроого жазуу жүзүндө жооп берди.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын буйругу менен иш-аракеттердин башталганын баса белгилеген Аксой: «Саламаттыкты сактоо министрлиги, Апаат жана курч кырдаалды башкаруу башкармалыгы (AFAD) жана Кызылай уюму аркылуу аймакка издөө-куткаруу тобу жана медицина кызматкерлери жиберилүүдө, көчмө оорукананын курулуусу пландаштырылууда, ошондой эле дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды камтыган шашылыш гуманитардык жардам жөнөтүлүүдө. Ушул оор күндөрдү тилектештик жана кызматташтык ичинде тез арада ашып өтүү үчүн биз дос жана боордош Ливанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар