Түркияга акаарат кылган теле алып баруучуга кылмыш иши козголду

Ливанда армян тектүү алып баруучу Несхан Дер Харутиан Түркияга каршы акаарат сөздөрдү колдонду деген негиз менен кылмыш иши козголду.

1452315
Түркияга акаарат кылган теле алып баруучуга кылмыш иши козголду

Ливанда армян тектүү теле алып баруучу Несхан Дер Харутиан Түркияга каршы акаарат сөздөрдү колдонду деген негиз менен кылмыш иши козголду.

Ливан расмий маалымат агенттиги ННАда орун алган кабарга караганда Харутиан тууралуу түшкөн арыздарды карап чыккан башкы прокуратура алып баруучуну сотко тапшырды.

Харутиандын сотунун 8 -  октябрда башталары билдирилди.

Дер Харутиан өткөн айда түз эфирде коногу мурунку экология министри Виам Веххаб менен Осмон мамлекети жана президент Р. Т. Эрдоганга каршы акаараттарды камтыган сөздөрдү колдонгон.

Социалдык медиадан келген каршы чыгуулардан кийин телекөрсөтүү каналынын Бейруттагы борборунун алдында жана Триполи  шаарында митингдер өткөрүлгөн.

Ливандык адвокат Мухаммед Зияд Жаафил да  көкүтүүчү сөздөрүнөн улам Дер Харутиан тууралуу кылмыш ишин козгогон.

Жаафил : «Дер Харутиан жергиликтүү телекөрсөтүү каналында алып барган программада бир тууган Түркияга каршы акаараттарды камтыган сөздөрү менен Ливандын улуттук биримдигине каршы сектанттык фитнаны көкүттү»,- деди.



Тектеш кабарлар