Түркияга дагы эки F-35A учагы тапшырылат

Катчы Жо ДеллаВедова, Түркиянын F-35 программасы тууралуу Анадолу агенттигине маалымат берди.

1167532
Түркияга дагы эки F-35A учагы тапшырылат

АКШнын Коргоо министрлигине (Пентагон) караштуу биргелешкен чабуул учак (JSF) программасынын кеңсесинин катчысы Жо ДеллаВедова, дагы эки F-35 учагынын Түркияга тапшырылып Техастагы Люк аба күчтөрү базасына билим берүү үчүн жөнөтүлүшү үчүн акыркы даярдыктарынын жасалганын айтты.

Катчы Жо ДеллаВедова, Түркиянын F-35 программасы тууралуу Анадолу агенттигине маалымат берди.

Түркиянын учурда Люк аба базасындагы эки F-35A учагынын даяр турганын белгилеген ДеллаВедова: «Дагы эки учактын Люкка барышы үчүн акыркы даярдыктары жасалып жатат. Азырынча алгачкы тапшырылган эки учактын болсо Түркияга ноябрь айында жөнөтүлүшү пландалууда»,-деди.

ДеллаВедова: «Люк аба күчтөрү базасындагы Түрк F-35 кызматкеринин уланган билим берүүлөр менен катар Түркиянын F-35 программасынын илгерилөөсү терси айтылмайынча өзүндөй улана берет»,-деп айтты.

Анадолу агенттигинин маалыматына караганда эки учак алдыдагы апталарда Түркияга тапшырылат.

Люктагы Түрк аба күчтөрүнүн кызматкерлеринин көзөмөлүндө боло турган учактардын АКШда 1-2 жыл билим берүү учууларын бүткөргөн соң Түркияга жөнөтүлүшү керек.

Түркия Түрк учкучтары учурган эки F-35 учагын июнь айында өткөрүп алган болчу.


Этикеткалар: #F-35 учагы

Тектеш кабарлар