Түркияга эң кымындай кол салууга аракет кылгандар дагы мунун чыгымын эң оор түрдө тартат

Эрдоган, борбор шаар Анкарада Түркиянын өнөр жай палаталары жана биржалары биримдигинин (TOBB) Эгиз мунаралар конференция залында уюштурулган Экономика кеңешинде сөз сүйлөдү.

1130099
Түркияга эң кымындай кол салууга аракет кылгандар дагы мунун чыгымын эң оор түрдө тартат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияга эң кымындай кол салууга аракет кылгандар дагы мунун чыгымын эң оор түрдө тарта турганын айтты.

Эрдоган, борбор шаар Анкарада Түркиянын өнөр жай палаталары жана биржалары биримдигинин (TOBB) Эгиз мунаралар конференция залында уюштурулган Экономика кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө, «ДЕАШ баш болгон ЙПГ, ПЙД бардыгы, мунун чыгымын оор тартышат. Ошон үчүн эч ким биздин тынчыбызды алууга аракет кылбасын. Бирөөлөрү саясат жолу менен, бирөөлөрү аянтта курал менен, бирөөлөрү үстөлдө дипломатия менен Түркияны кайрадан өз баштарындагы ал тар калыптарга киргизиш үчүн жанкечтиликке аракет кылууда. Чындыгында ал күндөр артта калды»,-деп айтты.

АКШ, Орусия жана башка катмарлар менен болгон сүйлөшүүлөрдүн түшүнүшүү менен жыйынтыкталышын каалаганын билдирип, мындай деди: «Бирок бул түбөлүккө чейин күтөбүз дегенди бербейт, көз алдыбызда жүргүзүлгөн даярдыктардын натыйжаланышын көрөбүз. Мына чек аралардабыз, болгон күчүбүз менен ал жактардабыз. Абалдарды абдан кылдат байкап жатабыз. Ал эми бизге берилген убадаларга турулуп жана процесс иштесе кана. Андай болбосо даярдыктарыбызды ансыз деле чоң өлчөмдө бүтүрдүк, өз стратегиябыз боюнча керектүү кадамдарды таштай баштайбыз».

Эрдоган, Евфраттын чыгыш жагында түзүлүүсү күн тартипке келген коопсуз аймак тууралуу да буларга токтолду: «Өлкөбүзгө каршы жаңы сазга айлана турган коопсуз аймак ишке ашыруусуна эч качан уруксат бербейбиз. Коопсуз аймак сунушубуз, террордук уюмдарды Түркиянын көзөмөлүндө, кандайдыр бир түрдө чек араларыбыздан алыстатууну максаттайт».



Тектеш кабарлар