Түркиялык илимпоздор Антарктидага жетти

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, түрк делегациясынын сапарына байланыштуу көрүнүштөрдү социалдык медиа баракчасынан бөлүштү.

1361532
Түркиялык илимпоздор Антарктидага жетти

4-Улуттук Антарктида илимий сапарын ишке ашырган түрк делегациясы 15 миң чакырымдык жол жүрүүдөн кийин ак континентке жетти.

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, түрк делегациясынын сапарына байланыштуу көрүнүштөрдү социалдык медиа баракчасынан бөлүштү.

Варанк делегациянын Түрк илимий лагери жайгашкан Horseshoe аралында орто эсеп менен бир ай бою илимий изилдөөлөрдү жүргүзө турганын билдирди.

24 кишиден турган топ экология, биология жана деңиз илимдери жаатында жалпы 15 долбоор боюнча иш алып барат.

Түркиялык илимпоздор 9-февралда жолго чыккан эле.



Тектеш кабарлар