Түркиянын эң бийик көпүрөсү эртең ачылат

Ачылыш аземине Эрдоган түз байланышат.

1452794
Түркиянын эң бийик көпүрөсү эртең ачылат

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу, Ван-Татван-Битлис жана Сиирт-Мардин-Батман линияларын бириктирген Ботан дарыясындагы Бегендик көпүрөсүнүн эртең ачыла тургандыгын сүйүнчүлөдү.

Караисмайлоглу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, президент Режеп Таййип Эрдоган түз байланыша турган азем менен ачыла турган бул көпүрөнүн бийиктиги 165 метр экенин жана Түркиянын эң бийик көпүрөсү боло тургандыгын белгиледи.

Министр Караисмайлоглу аты аталган долбоордун негизинде Ван менен Сиирт-Перваринин ортосундагы жол убактысынын 5 сааттан 2 саатка чейин кыскараарын айтты.



Тектеш кабарлар