Түркиянын тышкы иштер министри Азербайжандын тышкы иштер министри менен сүйлөштү

Министрлер сүйлөшүүдө «Моцарт» кемесинин экипажында каза болгон азербайжандык кызматкердин сөөгүн алып келүү үчүн координациялуу аракеттерди жүргүзүү боюнча пикир алышты.

1571609
Түркиянын тышкы иштер министри Азербайжандын тышкы иштер министри менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Азербайжан тышкы иштер министрлиги сүйлөшүү тууралуу  берген маалыматта Чавушоглу менен Байрамовдун «Моцарт» кемесинин экипажында каза болгон азербайжандык кызматкердин сөөгүн алып келүү үчүн координациялуу аракеттерди жүргүзүү боюнча пикир алышканы белгиленди.

23 -  январда «Моцарт» аттуу Либерия желектүү кемеге Нигериянын Лагос шаарынан 180 мил алыстыкта ​​деңиз каракчылары кол салган.

Лагостон Түштүк Африканын Кейптаун шаарына бара жаткан кемедеги 19 кишилик экипаждан 18 киши уурдалып, азербайжандык бир киши өлтүрүлгөн.

Кемени кутулган 3 киши Габондун Жентил портуна алып барган.

Азербайжандык кызматкердин жаназасы бүгүн кечинде учак менен Габондон Стамбулга алып келинет жана эрте менен Азербайжанга жиберилет.



Тектеш кабарлар