Түркиянын жардамдары Суданга жетти

Жардам материалдарын ташыган түрк аба күчтөрүнө таандык А400М моделиндеги аскердик жүк ташуучу учак Хартум эл аралык аэропортуна конду.

1272576
Түркиянын жардамдары Суданга жетти

Түркиянын Суданда август айында болгон сел апаатынан кийин даярдаган жардам материалдарын ташыган түрк аба күчтөрүнө таандык А400М моделиндеги аскердик жүк ташуучу учак Хартум эл аралык аэропортуна конду.

Андан мурда аймакка барган Түрк Кызылайынын группа башчысы Сердар Йылмаз жардамдарды беш кишилик бир топ менен селден жабыркагандарга жеткиришерин айтты.

Йылмаз : «Түркиядан келген эки жүк ташуучу учакта алты жүз  гигиеналык комплект, алты жүз куту тамак  - аш, алты жүз жууркан жана жүз алтымыш чатыр бар. Жардамдарыбызды Түркиядагы бир топ гуманитардык жардам уюмдары менен биргеликте жүргүзүп жатабыз. Планыбызды түздүк, элибиздин жардамдарын жардамга муктаж кишилерге жеткиребиз»,- деди.  

Тарыхынын эң чоң сел апааты менен бетме  - бет келген Судан үчүн Ислам дүйнөлүк бейөкмөт уюмдар бирикмесинин Гуманитардык Жардам Платформасына мүчө уюмдар кечээ «Судандын жараларын бирдикте айыктыралы» деген ураан менен жардам кампаниясын баштады.

Түркиядан жиберилген жардам материалдары бир канча күндүн ичинде  жабыркаган кишилерге таркатылат. Аймакта курула турган бир чатыр шаар менен бирге түрк жардам мекемелери тарабынан кампаниядан алына турган жардамдар менен оболу Судандын апааттан эң көп таасирленген аймактарында «Түрк айылдары» курулат.

Судан өзгөчө август айынын башында башталган катуу жамгыр себеп болгон сел апааты менен күрөшүүдө.

Судан саламаттык сактоо министрлиги сел апаатында 85 кишинин каза болгондугун, 133 кишинин да жаралангандыгын билдирген.



Тектеш кабарлар