TURKOVAC үчүн 846 миң 451 адам кайрылды

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа билдирүү жасады.

1663143
TURKOVAC үчүн 846 миң 451 адам кайрылды

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, ата мекендик инактивдүү коронавирус (Ковид-19) вакцинасы болгон Turkovacтын 3-фаза изилдөөлөрү үчүн 846 миң 451 адамдын ыктыярдуу түрдө кайрылгандыгын билдирди.

Фахреттин Кожа Твиттердеги билдирүүсүндө: «Turkovacтын үчүнчү фаза изилдөөлөрүндө биринчи доза сайылды. 40 миң 800 ыктыярчынын жардамы керек болсо дагы, кыска убакыттын ичинде E-Nabız аркылуу 846 миң 451 кайрылуу келип түштү. Жыйынтыкка толук ишенебиз. Жакында биз өз вакцинабызды чыгарган жана вакцинасы дүйнөдө колдонулган саналуу өлкөлөрдүн бири болобуз», деди.

Кайсери шаарындагы Эржиес университети менен Саламаттык сактоо министрлигинин Түркия Саламаттык сактоо Институттары Төрагалыгы (TÜSEB) биргеликте иштеп чыккан "TURKOVACтын" 3-этабындагы изилдөөдө эмдөө программасы кечээ Анкара оорукана шаарчасында башталды.

 



Тектеш кабарлар